Ырас, айрым учурда ким бирөө кызматка барса анын ата-жотосун иликтеп, ал мезгилге чейин баскан жолун жиликтеп жиберебиз. Кокус, кынтыгы болсо коомдук пикирдин таландысында калат. Ошол эле маалда татыктуулар кайсы бир кызматка келсе куттук айтып койгубуз келбеген учурлар да бар. Муну менен кайсы бир тарапты күнөөлөйлү дебейбиз. Бул болгону ачык айтылган пикир гана. Ал эми айталы дегенибиз өзүнүн кесипкөйлүгү, такшалган тажрыйбасы аркасында Абдыбакыт Халмурзаев Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды. Абдыбакыт мырзаны аталган кызмат орду менен куттуктап, акыйкат айдыңында кызмат өтөшүн каалайбыз. Абдыбакыт мырза бир гана прокуратура жаатында ийгиликтерди багындырбастан спорттун да барандуу өкүлү. Тагыраагы, СССРдин Бокс боюнча спорттун чебери. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын президенти да болуп келет.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ