«Дордой» базарынан 7 миллион сомго кошумча салыктык киреше булагы табылды. Киреше базарда патент менен иштешкен ишкерлерден түшөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин отурумунда Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди. Ал ошондой эле: «Андан сырткары дагы бир салыктык булак бар. Көпчүлүк соода орундарында эки кабат контейнер коюлган. Сатуучулар бирөөсү үчүн гана мүлккө салык төлөйт. Экинчи кабатынан дагы салык топтойлу деп жатабыз», – деп кошумчалады. Кыскасы элдин жонунан кайыш тилебиз дегенди кыйытты..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ