Голливуд актеру Ченнинг Татум Беатрис аттуу айым менен бүйүр кызыткан бий бийледи. Ал айым май куюучу жайдын минимаркетинде отурган кызматкер – кассирша. Алардын бийи тартылган видеоролик эки күн ичинде Facebook та 17 миллондон ашык көрүүгө ээ болгон.
Татум менен болгон бул видеожазуу түз эфирде көрсөтүлүп жаткан. Кара тору сулуу Беатрис белгилүү актер менен бийлөөгө дароо макул болуп, алар Nas If I Ruled The World композициясына бийлешкен.
“Кичинекей бийлеп көнүл ачуудан өткөн жакшы эч нерсе жок. Рахмат, Беатрис”, – деп комментарий берди актер өз видеосуна.
https://www.facebook.com/channingtatum/videos/10155617612574116/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ