Бир адамдын өмүрүн алган Кызылордо шаарындагы атышуу боюнча тергөө иштери баштады. Бул тууралуу Кызылордо облустук ички иштер департаментинен билдиришти.
Жергиликтүү агенттиктер мекеменин маалыматына таянып, бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки тергөө иштери башталганын жазышты. 27-мартта полиция бейбаштыкка шектелген адамдар кармалганын билдирди.
27-мартта Кызылордо шаарында болгон атышуудан кийин бир киши ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган.
Жергиликтүү сайттар жарыялаган видеодон шаардын борбордук көчөсү аркылуу бир кишинин топтошкон адамдардан качып, кийин анын тапанчага окшогон нерсе менен беркилерди кайра кубалаганын көрүп, ок аткандай үндү угууга болот.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ