Menu

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны: “Корооңдун оозун жаап кет, Кодулабай Таласты, Коконуңду таап кет!”

Бөлүшүү:

Ажонун оозунан ачуу сөздөр чыкса да, талап коюп чыккан Талас элинин талабына жооп берер, «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт», ал сыйдан кетсе да, мен сыйдан кетпейин деп, каным кайнап турса да улуулук сыпатымдан жазбай унчукпай күтүп турдум.

Болбоду… Анда эмесе акындык жолум менен айтчу сөзүм төмөнкү…

АТАМБАЕВ МЕНЕН КОШТОШУУ

«А король жылаңач турбайбы…»
Ганс Христиан Андерсен

Ордунан туруп басалбай,
Ооруган башын жазалбай,
Орденин берип жөн турбай
Ой-тоонун башын дөөдүрөйт,
Атынан айткым келбеди
Памилясы Атамбай…

Титирей сүйлөп тиртеңдеп,
Тийишпегин казакка.
Тийише берсең тилиңден
Кабыласың азапка.
Ансыз да күнүң аз калды.
Аз күнүңдү таза акта.
Дегенге болбой делбеңдеп,
Кеп жебестен келжеңдеп,
Калдың минтип мазакка…

Назарбаев аксакал
Эки элге эмес дүйнөгө.
Сен биттейсиң, ал киттей
Ага акараат сүйлөбө.

Жарты нан жеген жардынын
Бай болгону курусун.
Көргөнсүздүн көп элге
Бий болгону курусун.

Куулук-шумдук билбеген,
Бирок, ак-караны иргеген
Айкөл кыргыз элденбиз.
Президенттик тактыны
Өмгөктөгөн өлкөнү –
Өстүрсүн деп бергенбиз.

Дартка даба тапсаң да,
Акмакка даба табылбайт.
Түбү түшкөн челектей
Түнү-күнү даңылдайт.
Казанын калпка кайнатып,
Дарбаза оозу жабылбайт.

Ийне сынат көзүнөн,
Адам сынат сөзүнөн.
Тарыхы бар Таласты,
Тантырайсың: «Көчүрөм…»
Дареги бар, дайны бар,
Дайындуу туулган айлы бар,
Данектүү айтпайт мындай кеп.
Мындай сөздү тентиген,
Жети атасын билбеген
Желип өткөн жел айтат.
Өзүңө окшош өлүмсүк
Өксүгү бар кем айтат.

Түбү түзүк болсо эгер,
Түзүк уядан учса эгер,
Минерине ат берип,
Саарына уй берип,
Алыс, жакын дебестен
Үзөнгүнү тең тээп
Оң-сол менен кеңешмек…
Жартыны бөлүп бир жешкен,
Жан-каныбыз бир дешкен,
Бөтөлкө сууну бөлө ичкен,
Бөлүнбөйбүз деп ичкен,
Элди экиге бөлбөгүн,
Бөлсөң ошол өлгөнүң…

Түн болсун, мейли заарда,
Оозуң калпка каалга.
Ажыдаар деп жүрүп өткөндү,
Айландың өзүң ажыдаарга.

Өзүм туруп башында
Коррупцияны ачам – дейт,
Торугартты айтса тоотпойт,
Укмаксан болуп жооткойт…
Кимди кармайт билбеймин,
Кармап алып этине
Анан кийин бетине,
Ысытып темир басам дейт,
Титиретип даргага,
Тирсегинен асам – дейт…

Үнү курсун чыңырган,
Чыккандай орто кылымдан.
Сүйлөмдөрү ушундай,
Кыркаяктын бутундай,
Кудаяр кандын тушундай…
Аягы бар башы жок,
Башы болсо да соңу жок,
Ичинде бир оңу жок.
Каарынан заары арбын,
Эмнени сүйлөп жатканын
Өзү билбейт, эл билбейт.
Чырк-чырк этип турса да
Чыгаан бүркүт менмин дейт.
Уялгандан куш учпай,
Булут жылбайт, жел жүрбөйт…
Өзүнүн ким экенин –
Өтө эле жаман кем билбейт.

«Отургузсаң да килемге,
Бака качат баткакка.
Артынан сиет төөгө окшоп,
Акыл айтсаң акмакка.»

Бир карасаң соого окшош,
Бир карасаң айныма.
Оорулуубу же сообу,
Аппарат болсо, ээ, билгидей.
Учурса улам ушагын,
Уккан жан жерге киргидей.
Башына тили баш бербей,
Конфуцийдин цитата –
Келтирип айтып жаткансып,
Кайталайт сөзүн артынан.
ООНдо сүйлөп жатса да
Тантыганы тантыган.

Бир иши алга кетпеди,
Эл ырысын тепседи.
Алты жылы олтуруп
Айтылып калаар артында
Бир маселе чечпеди.
Кесир сөзү кейитип,
Кептешке элди кептеди.

Түлкүдөй болуп кубулган,
Түктүйүп чөөдөй чыңырган.
Акаевден алты эсе –
Арам тура бул урган.
Калтардай болуп кубулган,
Карышкырдай жулунган.
Бакиевден беш эсе –
Жаман тура бул урган.

«Элди элден бөлбөйм – деп,
Бириңди өйдө, а бириң
Андан ылдый көрбөйм – деп,
Достуктун жолун улайм – деп,
Биримдигин чыңайм – деп,
Конституцияга колуңду
Коюп берген ант кана?!
Же аны алмаштыңбы акчага…
Казанын калптын кайнатып,
Жер караттың эл, жерди.
Алмустактан бери карай
Ант урсун дейт сендейди.

Жылаан чакса ай, жылда,
Күн сайын чактың сен элди.
Ушундан улам түшүндүм,
Түбү жаман дегенди.

Бузуп айткан сөз жаман,
Күбө түшкөн бөз жаман.
Бүгүнкү күндө сен болдуң
Бүлүк салган Көзкаман.

Ар жагын да кажыган,
Бер жагын да кажыган,
Айды карап үрбөгүн,
Алтымышында алжыган,
Абыке-Көбөш урпагы,
Өзүң болуп жүрбөгүн?!

Шейит кеткен балдардын,
Акталган жок үмүтү.
Кан жутуп калган бүлөөнүн,
Бөксөргөн жок күйүтү.

Сени бизге хан кылган,
Бу да Кудайдын кылган бир иши.

Калкты канча каргадың,
Ичинде эле бир айдын.
Кайрылып келип өзүңө
Каргышы тийсин Кудайдын.

Айткан сөзүм төп келсин,
Абийриң дагы бөксөрсүн.
Алың жетпес оозуңа –
Таластын ташы кептелсин.

Эми, этек-жеңиң жаап кет,
Элди бөлбөй экиге,
Элиң кайда таап кет!
Түндүгүңдү жаап кет,
Түптүү элге тийишпей,
Түбүң кайдан таап кет!
Корооңдун оозун жаап кет,
Кодулабай Таласты
Коконуңду таап кет!
Талпагыңды жыйып кет,
Таягыңды кыйып кет.
Таласка көп тийишпей,
Таажыңды таштап жылып кет!

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны.

Булак: Chyndyk.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: