Menu

УКМК Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин кармалганынын себебин айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-декабрь күнү чет элдик инвестордун 350 миң долларын алдамчылык жолу менен алган деп Сыргак Кенжебаев аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга Кытайдын жараны Мотайлиф Маймайтяминг арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаев аттуу жаран аны алдап, 350 000 АКШ долларын алганын айтып, ага карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берененин 3-бөлүгү (Ири көлөмдөгү алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки жол-жоболордуу аткаруу мезгилинде кытайлык жаран Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына катышуу үчүн Кытайдагы ири компаниянын өкүлү катары келгени  белгилүү болгон.

“Коопсуз шаар” конкурсуна даярданып жаткан мезгилде Сыргак Кенжебаев кытайлык инвестор Мотайлиф Маймайтяминг менен таанышып, С.Кенжебаев анын ишенимине кирип, ар кандай чыгымдарды шылтоо кылып 350 000 АКШ долларын алып, аны кайтаруудан баш тарткан.

Мындан сырткары, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканда С.Кенжебаев инвестордон кошумча 250 000 АКШ доллар талар кылган деген төгүндөлгүс далилдер  белгилүү болгон.

Бүгүн, 20-декабрь күнү С.Кенжебаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: