Menu

Вашингтондо Трамп менен Порошенко жолугат

Бөлүшүү:

Жумушчу сапары менен Вашигтондо жүргөн Украинанын президенти Петр Порошенко бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугат. Ушул эле күнү Порошенко Кошмо Штаттардын вице-президенти Майкл Пенс жана коргоо министри Жеймс Мэттис менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Күн мурун Порошенко Вашингтондогу украин коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп, анын АКШ президенти менен жолугушуусу Трамптын Владимир Путин менен жолугушуусунан эрте болуп жатканы маанилүү экенин жана Украина Кошмо Штаттардын чыныгы колдоосуна ээ болуп жатканын белгилеген.

Жумушчу сапарынын алкагында украин президентинин АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Эл аралык валюталык кордун тейлөөчү директору Кристин Лагард, Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ён Ким жана өлкөнүн Соода жана Энергетика министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу дагы пландалган.

Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен көзмө-көз жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрүшө элек. Болжолдуу маалыматтар боюнча Орусия менен АКШнын президенттеринин жолугушуусу июлдун башына, Гамбургда өтө турган Чоң жыйырмалык саммитине белгиленүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: