Астанада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш мүчөлөрү ЕАЭБ менен Иран ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
EXPO-2017 көргөзмөсүнө арналган жолугушуу 14-августта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын катышуусунда өттү.
Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө иштегендерди пенсия менен камсыздоо жөнүндөгү долбоорду дагы талкуулашты. Казакстан ТИМинен кабарлашкандай, авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча комиссия түзүү, эл аралык айдоочулук күбөлүктү өз ара таануу маселелери жөнүндө сөз болду.
Евразиялык экономикалык биримдикке Орусия, Казакстан, Кыргызстан Беларус жана Армения мүчө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ