Темирбек Асанбеков мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан ийгиликтүү өттү. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, талапкер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынак тапшыруу үчүн тестирлөө жайына саат 13:30да кирген. Ал үчүн бөлүнгөн 2 саат соңуна чыгып, жыйынтыгында 82,53 баллга ээ болду.
Андан сырткары бүгүн 15-августта тест тапшырган дагы бир талапкер Мергенов Марат Эркинович 61,12 балл алды.
Ал эми бүгүн биринчи болуп тест тапшыра турган талапкер Керимбеков Бакыт болсо сынак тапшырууга белгисиз себептерден улам келген эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ