Шаардын чет-бучкагында пайда болуп жаткан жаңы конуштардын саны күн санап өсүүдө. Аны менен катар алардын көйгөй жараткан маселелери да чечилбей келет. Суу, свет, транспорт, жол, мектеп, баня, медпункт деген сыяктуу. Ушундай эле көрүнүш Ак-Ордо -1 жаңы конушунда да бар. Алардын айтымында унаа өтчү жолун жаап салышкан, эки-үч көчө басып өтүп анан трассага чыгышат. Бул эле көйгөй эмес ал жакта суу да жок, ташып ичишет. Бийлик тарабынан жиберилген суу таратуучу водавоздор ал жакка жеткен эмес. Эми ал жактын тургундары жолду ачып, маселени чечип берүүнү сурашууда. Президент болом дегендер мына ушундай маселелерди чечип берсе, жеринде жашоочулар менен жолугушса. Көйгөйдү өз көздөрү менен көрүшсө. Сариев, Бабанов, Жээнбековду эл күтүп жатат.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ