«Алюминий королу» Рустам Маманов соңку убакта ың-жыңсыз, кумга сиңген суудай болуп жоголуп кеткен. Көрсө, жөн жүрбөптүр. Бизнестин майын чыгарып, май айынан бери 10 миллион доллар киреше таап, кыргыз эли үчүн кайрадан меценанттык ишмердигин күздө баштоого бел байлап турган чагы. Негизи Рустам мырза кээде ичип кетет, айрым учурда дүйнөнү кыдырат, бирок, ишкерликтин майын чыгарат, эң башкысы, кыргыз элин көтөрүү үчүн максат койгон. Ак көңүл жайы бар, берешен, бирок Рустам байке гений! Кыргыздын намысы үчүн көптөгөн долбоорлорду көтөрдү, элди ойготоюн деди. А элибиз түшүнгөн жок. Каарманыбыз отуз жаштан ашканда Жогорку Кеңеште депутат болгон. Азыркы күпүлдөгөн Алтынбек Сулайманов шопуру болчу, «зыйт» дегенде «ыйт» деп чуркап жүргөн бала экенин айтышат. Буюрса, Рустам Маманов аз күндө баш көтөрөт…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ