Menu

Кыргыз-өзбек чек арасынын 84 пайызы чечилди

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек арасынын 84 пайызы чечилди. Бул тууралуу премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, чек аранын 84 пайызы келишимге киргизүүгө даяр экендиги боюнча протоколго кол коюлду. Эми ортолук келишимге кол коюлгандан кийин делимитация жана демаркация башталат. Ал эми анклавдар тууралуу маселе өзүнчө каралмакчы.

Эскерте кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 километр. Анын 371 километри такталган эмес. Эки анклав бар. Анын эң чоңу — Сох. Анда 60 миңге жакын адам жашайт. Айтмакчы, бул анклав өзбек аймагы болуп эсептелгени менен анын тургундарынын 90 пайызга жакыны тажиктер. Ал эми Барак айылында бир нече жүздөй тургуну бар. Баракта жашаган кыргыздардын көпчүлүгү Ош облусуна көчүп келишкен.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: