Menu

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүүдө. Жыйынга тармактык комитеттердин мүчөлөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Алгач Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган өзгөчө кырдаал режимине, ошондой эле  Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу калкты азык-түлүк менен камсыздоо, жазгы-талаа жумуштарын үзгүлтүксүз улантуу маселелери боюнча Өкмөттүн маалыматы угулууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, өзгөчө абал маалында штабдарга жазгы айдап-себүү иштерине айыл-чарба техникаларын, үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү-майлоочу майларды блок-посттордон тоскоолдуксуз өткөрүү тапшырмасы берилген.  “141,1 миң гектар жерге күздүк эгилсе, 332,9 гектар жерди көп жылдык чөптөр түзөт. Ал эми 745 миң гектар жерге жазгы айдап-себүү жумуштары жүргүзүлөт. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 50 миң гектар жер көп айдалды. Ошондой эле кылкандуу дан эгиндеринен 64 миң тонна үрөн керектелсе, анын 61 миң тоннасы камсыздалды”, – деди Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары, “Айыл-чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында 10-апрелге карата 1371 субъектке 782 млн. сом берилгенин айткан биринчи вице-премьер-министр, айыл-чарба техникаларын жана тетиктерин сатуучу базарларды иштетүүгө шарттарды түзүү чаралары да каралып жатканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: