Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 16-август күнү Кош-Дөбө айыл аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Натыйжада Атана айылынын Т.Мавлянов атындагы №11 орто мектептин кампасынын чатырынан 30 шифер, спорт зал жана башкы корпусунун чатырынан 26 шифер жараксыз абалга келген. Андан сырткары 4 терезе сынган, (узуну 165 см туурасы 70 см), 4 электр мамычасы кулап, 600 метр электр чубалгылары үзүлүп, Атана айылында электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учураган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ