Президенттикке аттанган талапкерлер элдин көңүлүн алыш үчүн убада бергенден уялбай турганга өздөрүн көндүрүп жаткан учур. Талапкерлер бирин-бири каралаганды бирөөнүн колу, оозу менен жасашат. Ал эми элим үчүн жаным курман, жыргатам, гүлдөтөм дегенди өздөрү айтышат. Кээде ал сөзүнө Апендидей болуп өздөрү ишенип алышат. Мына бир жыл мурун эле президент болууну самап, чабал өрдөктөй эртелеп учкан Темир Сариев тартынбай эле «элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо өзүмдү да курмандыкка чалууга барам» деп ураан чакырууда. Ырасында, бул ураандын төркүнүнө үңүлсөк, «бийлик үчүн» деген маани жатканын аңдоо кыйын эмес.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ