«Чабал өрдөк эрте учат» деген чын белем, этек-жеңин жыя албай, Кыргызстанды түрө кыдырып, Россия, Казакстанга чейин айылчылап келген Темир Сариевдин маанайы анча эмес. Буга каражат жагынан каржалып жатканы себеп. Жакшы эле саясий шоу жасап, сүрсөөлөт көрсөткөн менен каражат жагынан ишенип көмөк көрсөткөндөр жок болуп, айласы алты кетип жатыптыр. Сырттан акча табууга болгон ою да оңунан чыкпай, абалы чатак экен. Демек аламан жарышта аягына чейин бара албай, орто жолдон ала салышы мүмкүн болуп турат…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ