Menu

Башкы прокуратура Исаев, Түлеев, Текебаев жана Самаковдун ишин кайра карашабы?

Бөлүшүү:

Жаңы башкы прокурор саясатчыларга карата жүргүзүлгөн резонанс жараткан иштерди кайра карап чыгууга соз берди. Жакында Жогорку Кеңеш башкы прокурордук кызматка президент сунуштаган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиган бекитишти. Депутаттар Кыргыз Республикасынын жаңы башкы прокурорунун көңүлүн “коррупциялык” деп аталган иштерге буруп, алардын иштерин кайра карап чыгууну талап кылышты. Анда “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канат Исаевге болгон кылмыш иши жөнүндө айтылган. Ал массалык баш аламандык жана мамлекетгик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектелип камалгандан тышкары, “Ата Мекендин” лидери соттолгон оппозиционердин тагдыры менен Венеция комиссиясы кызыгууда. «Алар Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугу үчүн гана эмес, ошондой эле ага карата ачылган кылмыш иши саясый жана заказдалган мүнөздө болгонуна тынчсызданууда», — деп айтууда юрист.

Текебаевди колдоо сөздөрүн жакында эле “Бир Бол” фракциясыньш лидери Алтынбек Сулайманов да айтып кетти. Ал мурунку кесиптешинин иши кайрадан каралып чыгышы керек деп белгиледи. 2018-жылдын февралырда өткөн Коопсуздук кецешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарын коррупция менен күрөшүү керектүү деңгээлде болбой жаткандыгы үчүн сынга алган. Коррупция боюнча токтотулган кылмыш чыгыш керектигин белгилеген. Жакында дагы эки саясатчы экс-депутаттар Нариман Тулеев менен Карганбек Самаковдун тагдырлары чечилип калышы да мүмкүн. Тулеев 11 жылга соттолгон. Анын көптөгөн сандагы мүлкү конфискацияланган — имараттар, кеңселер, соода борборлору. Юристтер белгилегендей, конфискация мыйзамсыз жүргүзүлгөн. «Иликтөө учурунда алар эч кандай документтерге негизделген эмес. Кытайдан келген автобустардын документтери жана алардын котормолору менен таанышкан эмес. Ошондо мен Сапар Исаковго кайрылган элем, ал “бул иш биринчинин өздүк көзөмөлүндө, эгер аны менен консенсуска келсе, анда эч кимдин иши да болбойт» деди, — деп айткан ЖМКларга Түлеевди коргоо комитетитинин өкүлү Акунов.

Экс-депутатгын гилегендей, алар Алмазбек Атамбаевге чын дыкты жеткирүүгө аракет кылышкан. Анын өкүл баласы Сталбек Молдалиен аркылуу Кытай компаниясы менен болгон келишимдерди жана КНРдин өкмөтүнүн документтерин берүүгө аракет кылдык. Бирок Атамбаев бизди шылдыңдап, эч кандай документтерди» кереги жок, бул өлкөдө өзүм прокурор, өзүм сотмун, кандай кааласам кылам, ал эми судья Сариев өкүмгө гана кол коет”, деп койгоп дп билдирди. Карганбек Самаков 2017-жылдьи декабрында райондук сот тарабынан 10 жыш түрмөгө камалган. Аны мыйзамсыз жерлерди трансформациялаган деп күнөө коюшкан. Аны менен бирге бир топ адамдар күнөөлөнүүдө алардьш арасында экс-премьер-минипр Игорь Чудинов да бар. Иш соттун экинчи инстанциясына берилген.

Булак: Ачык Саясат

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: