БШКнын талапкерлердин кол тизмесин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосуновдун кол тизмесин четке кагышты. Бул тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Алардын айтымында, Кубанычбек Токтосуновдун кол тамгасы жетишсиз. Арыз ээси 30 миң 106 гана кол тапшырган, алардын миңден ашууну жараксыз.
Акыркы чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында кабыл алат. Токтосуновдун кол тамгаларынын тизмелери боюнча текшерүү жүрүп жатат.
Буга чейин, Кубан Чороев кол топтош үчүн баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган. Анын кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылганы белгилүү болгон. Мындан улам ал шайлоо жарышынан четтетилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ