Menu

“Республика – Ата Журт” фракциясы мамлекеттик мүлктөрдүн натыйжалуу пайдаланылышы боюнча маалымат угушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-декабрда “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясы кезектеги жыйынын өткөрдү. Күн тартибинде маселе – мамлекеттик мүлктөрдүн натыйжалуу пайдаланылышы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун (ММБФ) төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасады. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта ММБК 99 мамлекеттик ишканалар менен иш алпарат. 59 акционердик коомдун акционери. “Мамлекеттик ишканалардын санын 30-35ке чейин кыскартуу пландаштырылып жатат. Жыл башында башталган мамлекеттик активдерди электрондук инвентаризациялоо процесси жыйынтыктоо стадиясында турат. 65 мамлекеттик мекеменин 63ү толугу менен электрондук инвентаризациядан өттү. Экөө болсо жакында бүтмөкчү. Бүгүнкү күндө менчиктештирүү программасына кирген 40 обьектинин сегизи жалпы суммасы 18 млн 835 миң сомго сатылды”,- дейт Д.Зилалиев.

Талкуу жүрүшүндө бир катар фракция депутаттары “Мегаком” компаниясынын сатуу маселеси боюнча сурашты. Депутат Айбек Алтынбековдун суроосунан кийин компаниянын өткөн жылкы кирешеси 2 млрд 36 млн сомду түзгөндүгү белгилүү болду. Мындай шартта аталган компанияны сатуунун канчалык зарылдыгы бар деген маселе көтөрүлдү. “”Мегакомдун” кирешеси жыл өткөн сайын азайып барат. Биз баарыбыз билгендей, үн контентине болгон талап күн сайын төмөндөөдө. Балким эртеңки күнү аны таптакыр сата албай калабыз. Бирок компаниянын баасын түшүрүү маселеси күн тартибинде турган жок”,- дейт ММБФнын төрагасы.

Депутат Алтынай Өмүрбекова фракция жыйынында мамлекеттик мүлктөрдү башкарууну өнүктүрүү маселеси бир нече ирет көтөрүлгөнүн эске салып, ал эмдигиче иштелип чыга электигин сынга алды. Мындан сырткары, депутат мамлекеттик мүлктү баалоо эски ыкма менен жүргүзүлүп келатканын билдирди. Ал маммүлктү баалоонун жаңы стандарттагы методологиясын киргизүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Фракция мүчөлөрү мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүү жагдайына дагы токтолушту. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, ижара акысы жыл сайын төмөндөө тенденциясына кабылып жатат. Депутаттар чыгашалуу болгон же дивидентти аз берген мамлекеттик компанияларды жоюу же жеке колдорго берүү зарылдыгын билдиришти.

Ошону менен катар талкуу жүрүшүндө таза киреше берген мамлекеттик ишканалар жөнүндө да сөз болду. Алардын катарында “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, “Кыргыз почтасы”, “Аврора Ысык-Көл”, “Чыгыш автовакзалы” жана башкалар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: