АКШнын Тажикстандагы элчиси Элизабет Миллард дипломатиялык миссиясы аягына чыккандыгына байланыштуу видеокайрылуу жасап, тажик элинин меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Курман Айт майрамы менен куттуктады.
Элизабет Миллард АКШнын Тажикстандагы элчиси катары бир жарым жыл иштеди. Ал Тажикстан жүрөгүн багындырып алганын, буга байланыштуу кетүү оор болуп жатканын белгиледи.
Дипломат Вашингтонго кайтып, Мамлекеттик департаментте Европа жана Евразия иштери боюнча бюродо жетекчилик кызматка киришет.
Миллард Тажикстанда иштеп турганда тараптар C5+1 платформасынын алкагында кызматташууну бекемдеп, АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсү жалпы кызыкчылыктагы маселелер боюнча биргеликте иштөөгө багыт алган. Мындан тышкары Душанбе менен Вашингтон дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгын белгилешкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ