6-сентябрь күнү Каракол шаардык мэриясы милицияга жолдомо кат менен кайрылып, 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар Токтогул-Абдрахманова көчөлөрүндө орнотулган маршруттук аялдаманы темир ширетүүчү аппарат менен кесишип, жараксыз абалга келтиришкендиги жөнүндө билдиришкен. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерге келишкен Каракол ШИИБнүн тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү сураштырып, 5-сентябрь күнү болжол менен саат 19:30-20:30 аралыгында Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан маршруттук аялдаманы атайлап кесип, бүлдүрүп кеткендигин аныкташкан. Аталган объект Каракол шаардык мэриясынын жол-чарба муниципалдык ишканасына тиешелүү экендиги жана материалдык чыгым 142246 сомду түзгөндүгү тастыкталган.
Бул факты боюнча Каракол ШИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, жер тилкесинин ээсинин баласы, 43 жаштагы Каракол шаарынын А. У. аттуу тургуну кармалган. Анын айтымында, маршруттук аялдама орнотулган жер тилкеси энесине таандык экендигин, ошондой эле жеке ишкерлерге ижарага берип жүрүшкөндүгүн билдирген. Ошол күнү, темир ширетүүчү устаны жалдап, маршруттук аялдаманы өзүм билемдике салып, кестирип салгандыгын айтып берген.
Шектүү катары кармалган адам күнөөсүн толук мойнуна алып, келтирилген чыгымды толук төлөп берүү жагын милдеттендирип көрсөтмө берген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ