“Мак-2017” операциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан Тилекмат айылынан 45 жаштагы Б. Кубат аттуу жергиликтүү тургуну токтотулган. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда колунда көтөрүп келе жаткан мүшөктөн өзгөчө жыты бар зат алынган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Экспертиза көрсөткөндөй алынган өсүмдүк кара куурай баңгизаты болуп чыккан. Баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограммды түзгөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 246- беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ