Menu

Наргиза Бекназарова, диктор: «Алгачкы эфирге чыкканымда жүрөгүм чыгып кетейин деген»

Бөлүшүү:

– Өзүңдү окурмандарга кененирээк тааныштыра кетсең?

– Бишкек шаарында төрөлүп, өскөм. Ата-тегим боюнча караганда кереметтүү Ысык-Көлдүн кызымын. Үй-бүлөдө 3 кыздын улуусумун. Атам Афган согушуна катышкан, апам медицина кызматкери. Бактылуу бала чагым  сүйүктүү ата-энем жана сиңдилеримдин жанында өттү. Өзүм дагы үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Азият Жекшеев кесиби боюнча журналист. Учурда эки кыз, бир уулдун ата-энесибиз.

– Журналистикага кандайча келип калдың эле? Балким бул сенин кичинекей кезиңдеги кыялыңдыр?

– Кичинемден кыялданган эмесмин. Ал эмес, үч уктасам да түшүмө кирбейт эле. Бала чагымдан сөзгө жок, уялчаак мүнөздө өстүм. Бирок кийин бул тармакка кызыкпасам дагы таежем Назиранын «5-каналда кастинг болуп жатат, аракет кылып көр» деген сунушу түрткү болгон. Кудай буюруп, кастингден өтүп иштеп калдым.

– Диктор болуу оңойго турбаса керек. Алгачкы эфириңди эске салсаң?

– Ар бир иштин жеңил да, оор да жактары болот эмеспи. Иштеп көргөн соң гана объективдүү таразалоого болот. Биринчи эфирим албетте эсимде. Мен стажировкага баргандан 2 жума өтпөй эфирге чыгарышкан. Жүрөгүм чыгып кетейин деген. Бирок ошол абалымды түшүнгөн кесиптештерим. Бир чоң кашык валериянканы ичирип, түз эфирге отургузуп «колуңдан келет» деп эшикти жаап чыгып кетишти. Ошол учурдагы 5 мүнөт мага жарым сааттай сезилгени эч эсимден кетпейт.

– Эфирде техникалык себептер менен бир жабдык иштебей калган учур болсо өзүңдү кандай алып кете алам деп ойлойсуң?

– Чынын айтсам ошол нерседен корком. Мен бала чагымдан пландап иш кылганга жакынмын. Мектепте сөзсүз 5ке жооп берем деген ишеним болмоюнча эч убакта кол көтөрбөйт элем. Капыстан техника иштебей калса ошол учурда көрөбүз буюрганын. Азыр айта албайм. Бирок буга чейин суфлер өчүп калган, наушник чыгып кеткен же микрофон күйбөй калган учур болгон. Ал учурду элге билгизбей ондогонго аракет кылчумун.

– Теледен башка ММКда иштөө планыңда барбы?

– Азыркы учурда бир нерсени конкреттүү пландагандан алысмын. Бирок биринчи ирет журналистиканы мыкты өздөштүргүм келет.  Эгер башка ММКдан сунуштар түшсө, колумдан келсе каршы болбосом керек.

– Алып баруучунун келбети менен кийген кийими маанилүү орунда эмеспи. Келбетиңе кантип көңүл бурасың?

– Албетте каналдын жүзү болгон соң келбетине, кийген кийимине көп көңүл бөлүү туура. Өзгөчө беттин терисин ар дайым азыктандырып туруу керек. Кантсе да грим, студия жарыгы билинбегени менен бир топ зыян тийгизет. Ал эми кийим тууралуу сөз кылсак, мода кубалаган айымдардан эмесмин. Көңүлүмө жаккан, балдар менен жүргөнгө ыңгайлуу кийим болсо болду.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең. Үй менен кесипти бирге алып кеткен айымдардын катарын толуктайсыңбы?

– Жогоруда айтылгандай 2 кызым, 1 уулум бар. Улуу кызым 5 жашта, кийинкиси 3кө толду. Ал эми уулубуз бир жаштан ашты. Жолдошум Азият экөөбүз бир тармакта болгонгобу, айтор жумушум үчүн түшүнбөстүктөр чыккан жок. Мен кечинде эфирден келген учурда балдарым менен тосуп алат. Үйдөгү жумуштардын бардыгын жасап жетишкенге аракет кылам. Кантсе да шүгүр дейм, ишим эртеден-кечке эмес. Же күндүн биринчи жарымы же экинчи жарымында.

– Дарегиңе айтылган сынды кандай кабыл аласың?

– Сынды туура кабыл алганга аракет кылам. Туура көрсөм аткарам, туура көрбөсөм үчүнчүлөрдөн бул тууралуу ой-пикирин сураштырып салыштырам.

– Бош убактыңда эмне менен алек болгон жагат?

– Акыркы учурда атка минип сейилдегенди, бийге, йогага барууну эңсеп жүрөм. Буга үйдөн көп чыкпай, кыздарым менен эркелешкенге болгон убактымды бөлүп жатканым себеп болсо керек.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: