Menu

Жабык эшик артында, күүгүмдө каралган кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилди?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-сентябрда КР Жогорку Кеңеши кыргыз-тажик чек ара тууралуу маселени кечке маал баштап, кечки саат 9га жакын аяктады. Жогорку Кеңештин жыйынына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери, тийиштүү органдардын өкүлдөрү келип, буга чейинки кыргыз-тажик чек арасы боюнча парламент кабыл алган токтомдордун аткарылышы боюнча жабык эшик артында депутаттарга маалымат беришти.

Алар кандай маалымат бергенин ЖКнын басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди: “Өкмөт жасалган иштери, пландары тууралуу маалымат берди. Буга чейинки аткарылбай калган иштер боюнча кошумча тапшырмалар, мөөнөт берилди. Суроо-жооп, талкуу болду. Маселе кеңири каралды. Жыйын кечке маал башталып, саат кечки 9га жакын аяктады”.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда Баткен облусунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Атышууда 13 адам жаракат алып, чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Кыргызстан түштүк тарабынан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Чек ара тилкеси толук такталып бүтө элек. Ошондон улам, эки өлкөнүн элинин ортосунда бат-бат чыр чыгууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: