Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде алимент төлөө маселеси каралды. Жыйында жыл сайын ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңге жетип, алимент төлөөдөн качкандардын эсеби 40 миңден ашып, алардын 92% аталар, 8% энелер экени айтылды. Ушундан улам, алименттин өлчөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун даярдоо керектиги сунушталды. Жыйынтыгында, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү камтыган долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.
Алимент тууралуу мыйзам 1990-жылы кабыл алынган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ