Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы райондун жашоочуларына президенттик кызматында аткарып жаткан жана өзгөчө көңүл бурулуп жаткан мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди.

Ал аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, экологиялык таза продукцияны экспорттоо, өлкөнү санариптештирүү, ирригация жана таза суу менен камсыздоо улуттук долбоорлору, арзан турак жай менен камсыздоо, жол жана социалдык инфраструктураларды куруу, энергетикалык долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, сот-укуктук реформалар, коррупцияга каршы күрөш, куралдуу күчтөрдүн кубатын арттыруу, тышкы саясатта аткарылып жаткан иштерге кенен токтолду.

Мындан тышкары өлкө боюнча санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан «Түндүк» электрондук системасы,  «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Электрондук нотариат» долбоору, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору, Digital CASA долбоору тууралуу жети-өгүздүктөргө айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: