Menu

Прокурор УКТнын мүчөсү Дөө Чыңгызды 15 жылга эркинен ажыратууну суранууда, бүгүн сот өкүм чыгарат

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловго карата козголгон кылмыш иши каралды.

Сот процесси учурунда прокурор айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыратууну, 200 миң сом айып пул салууну сурады.

Чыңгыз Жумагуловго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу уюмду түзүү же анын ишине катышуу”, “Ден соолукка оор залал келтирүү” жана “Автоунаа уурдоо” беренелери боюнча айып тагылган.

Тараптардын жарыш сөзүнөн кийин, судья Эсенбаев 19-июнга чейин тыныгуу жарыялап, бүгүн өкүм чыгарат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Биринчимай райондук сотунун төрагасы Адылбек Эсенбаев Жумагуловду бошотууну көздөп жатат, анткени Жумагуловдун “кол алдындагы адамдар” – уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, 1984-жылы туулган Марсбек Тентиев жана 1981-жылы туулган Илияс Айдакеев күнөөнү моюндарына алышкан.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 9-апрелине караган түнү Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” жеке клиникасынын алдына белгисиз адамдар сабалып, оор жаракат алган эки эркек кишини таштап кетишкенден кийин Дөө Чыңгыз издөөгө алынган.

Сабалгандардын бири башынан оор жаракат алып, эсине келбей, реанимацияда көз жумган. Анын өздүгү такталып, көз жумган жаран Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну 1974-ж.т. Илияс А. болгон. Ал Бишкек шаарында жашачу.

Сабалгандардын экинчиси алган оор жаракатынан улам жеткирилген күндүн эртеси көз жумган. Ал дагы башынан оор жаракат алып, баш сөөгү сынган. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районунун 1983-ж.т. туулган тургуну экени аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы Аламүдүн районунда жашачу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: