Кыргызстандык модель Бегимай Карыбекова Гонконгдогу Cosmoprof Asia компаниясынын жүзү болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу билдирди.
“Cosmoprof Asia компаниясынын 25-чыгарылышынын жүзү. Мени Гонконгдогу бардык билборддордон (жарнак тактасы) көрө аласыздар” – деп модель жазган.
Белгилей кетсек, Cosmoprof Asia Hong Kong Азиядагы сулуулук тармагындагы ири соода жарманкелерин өткөрүп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ