Астана шаарынын жашоочусу «Хизб ут-Тахрирдин» уюгун түзүүгө ниеттенген деген шек менен 1-мартта кармалды. Казакстан Улуттук коопсуздук комитети сотко чейинки териштирүү иштери башталганын кабарлады. Казакстанда «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тыюу салынган.
Комитеттин билдирүүсүндө өткөн айда Алматыда баракчаларды таратуу учурунда бул уюмдун дагы бир мүчөсү делген жаран кармалганы айтылат.
«Хизб ут-Тахрирге» Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө дагы тыюу салынган. Бул эл аралык саясий уюмдун максаты – мусулман өлкөлөрүн шарияттын мыйзамдары менен башкарылган халифат туусунун алдында бириктирүү.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ