Menu

Фото – Премьер-министрдин, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңештеги отчету

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бүгүн, 27-апрелде,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун канаттандырарлык деп тааныды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Отчетту талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн соцаилдык-экономикалык жактан өнүгүүсү тактап айтканда ишке ашырылган инвестициялык долбоорлор, туристтик тармакты өнүктүрүү, жол-транспорттук инфраструктурасы, коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин жыйынтыктары, ири энерго долбоорлорду ишке ашыруу, бизнести өнүктүрүүгө карата көрүлүп жаткан чаралар жана башка багыттар боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

Премьер-министрдин отчетунда белгиленгендей, жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд сомду түздү, ал эми реалдуу темптин өсүшү 103,8% болду. Болжол 2,7% болгон.

ИДПдагы дефлятор 102,5%дык деңгээлде түзүлдү.

Экономикалык өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду.

2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4%ды түздү, бул көрсөткүч ЕврАзЭС өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат.

2016-жылы өнөр жай ишканалары жалпы 205,3 млрд сомго продукция өндүрүп, реалдуу өсүш 5,2%ды түздү.

Өткөн жылы 197,1 млрд сомго айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлүп, 3% өсүш болду.

Өкмөттүн 2016-жылдагы жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири катары мамлекеттик бюджеттин дефицитин ИДПга карата 4,6%дык деңгээлде кармап туруу боюнча жүргүзгөн иштерин айтууга болот.

Өкмөт кризистик шартта бюджеттик корголгон  беренелерин (айлык акы, Соцфондго которуу,  медикаментердин чыгымдары, тамактандыруу, жөлөк пул, стипендия) каржылоону 100% камсыз кыла алды.

Мындан сырткары, Өкмөт айыл чарба өндүрүш тармагындагы экспортко жана кайра иштетүүгө багытталган ишканалар үчүн насыя алууда жылдык пайыздык көрсөткүчтү 6% түшүрдү. Өкмөт тарабынан аймактарды өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламентине ылайы к, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету талкуулангандан кийин парламенттик фракциялардын лидерлери да сүйлөдү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бардык айтылган эскертүүлөр жана калоолор Өкмөттүн кийинки ишмердүүлүгүндө эске алынарын айтып, бүгүнкү күндө ишке ашырыла турган бир катар келечектүү долбоорлор бар экенин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун канаттандырарлык деп тааныды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: