Menu

Бишкектин Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү пара алып кармалды

Бөлүшүү:

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Б. аттуу айымдан 300 АКШ доллар пара талап кылып, каражатты алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Учурда мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө жайына камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, тергөөчү акчаны айымдын агасына козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча талап кылган. Милиция жана атайын кызматтын (УКМК) биргелешкен тергөө-ыкчам иш чараларынын жыйынтыгы менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2 тергөөчүсү кылмыш үстүнөн кармалган.

Ыкчам иш чара 8-мартка Караган түнү Бишкектин темир жол бекетинин айланасында болгон. Кармалгандардын бири
УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланарын эскертет.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: