Сириядагы оппозициялык топтор бүгүн Астанада баштала турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай, байкот жарыялоо ниетин билдиришти. Мындай чечимин алар Орусия менен Сириянын декабрда макулдашылган ок атууну токтотуу режимин сактоону каалбай жатканы менен түшүндүрүшүүдө.
11-мартта Сириядагы оппозициялык топтор Астанадагы бардык сүйлөшүүлөрдү токтото турууга чакырышып, жолугушууларды улантуу Сирия өкмөтү менен анын тарапташтарынын ок атууну токтотушуна байланыштуу болорун билдиришти. Айтымдарында, эгер Орусия Астанадагы сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетишүүнү кааласа, анда Сирия өкмөтүнө жана анын союздаштарына басым жасап, тиешелүү кадамдарга барышы керек.
Көтөрүлүшчүлөрдүн маалыматына караганда, өкмөт жана Иран тарабынан колдоого алынып жаткан согушкерлер Дамаск, Хомс, Дераа жана Идлиб шаарларынын оппозиция көзөмөлүндөгү аймактарын бомбалоосун улантууда.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ