Menu

Пентагон: АКШ Сириядан кетпейт, ИМге каршы күрөштү күчөтөт

Бөлүшүү:

АКШ Сирияда калып, «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштү күчөтөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министри Жеймс Мэттис Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетиндеги угуулар маалында билдирди.

Пенатгон башчысы АКШ исламчыларга каршы күрөшкө Жакынкы Чыгыштагы көбүрөөк өлкөнү тартууга ниеттенип жатканын белгиледи. Мэттистин айтымында, акыркы кездери экстремисттик топтордун аймактагы активдүүлүгү өстү.

Апрелдин башында АКШнын президенти Дональд Трамп мындан ары америкалык аскерлердин Сирияда калышына зарылчылык жок экенин билдирген. Ал жакын арада Кошмо Штаттар аскерлерин Сириянын аймагынан толук чыгарып кетүү чечимин кабыл алууну убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: