Бишкекке 14-июнда азыркы учурда “Орусия Федерациясынын укук коргоо жана жашыруун органдарынын кызматкерлеринин ассоциациясынын” президенти, Орусиянын белгилүү саясатчысы жана президент Владимир Путиндин кеңешчиси Асламбек Аслаханов учуп келди. Өзүбүздүн булактардан алган маалыматка ылайык, Аслаханов мырза “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен гана жолугушуу өткөрүптүр. Бакыт Төрөбаевге Асламбек Аслахановдун Бишкекке келүү максаты боюнча кайрылганыбызда бул суроого жооп берүүдөн баш тартты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ