Menu

КР Өкмөтү: Чет элдик жарандар эч кандай документ тариздебестен Кыргызстандын аймагынан чыгып кете алышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын аймагында виза менен жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар 2020-жылдын 1-майына чейин чыгуу визаларын тариздебестен жана келген жеринде каттоосуз Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кете алышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү буйрук кабыл алынды.

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачуунун себеби чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүдө пайда болгон кыйынчылыктар болуп саналат.

Эми бул маселе чечилди. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар визасы жок, визасыз режим мөөнөтү аяктаган же каттоодо туруу мөөнөтү (жок болсо) бүткөн шартта да Кыргыз Республикасынын аймагында боло алышат жана 2020-жылдын 1-майына чейин андан тышкары тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: