Бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн КР Жогорку Кеңешинин отуруму аяктагандан кийин жыйындан чыгып бараткан “Республика” фракциясынын депутаты Калдарбек Баймуратовду алдынан тороп, колунан жулкуп, урмакчы болуп тап берген депутат Тазабек Икрамов эмнеге нааразы?
Эсиңиздерге сала кетсек, Калдарбек Баймуратов экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган жээни, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бир тууган жездеси болот.
2005-2010-жылдарда, таякеси Бакиевдин заманында Калдарбек Баймуратов Президенттик аппараттын кадрлар кызматын жетектеген.
2015-2020-жылдары кайниси Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, кызмат кылды.
Спортсмен депутат Тазабек Икрамовдун депутат Калдарбек Баймуратовдон алалбаган эмне өчү бар?
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ