Кечээ, 23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына катышуунун алкагында «Борбордук Азиянын ичинде жана айланасында кызматташтыкты өнүктүрүү тенденциялары: Кыргызстандан көз караш» аттуу темада Колумбия Университетинин Эл аралык жана коомдук мамилелер мектебинде лекция окуду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КР Тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөбүздүн демократиялык жетишкендиктери жөнүндө айтып өттү, Кыргызстанда жана региондо болуп жаткан учурдагы маанилүү окуялар менен тааныштырды.
Борбордук Азияда болуп жаткан процесстер тууралуу, чек ара көйгөйлөрүн чечүү, суу-энергетикалык ресурстарын рационалдуу пайдалануу, ошондой эле улуттук жана жалпы регионалдык деңгээлдерде коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде күч-аракеттерди консолидациялоо жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча тараптардын аракеттерин студенттерге жана катышуучуларга айтып берди.
Колумбия университетинин алдындагы Гарриман атындагы Россияны, Евразияны жана Чыгыш Европаны изилдөө Институнун директору А.Кули Иш-чаранын модератору болду.
Лекциядан кийин Министр студенттердин жана жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ