Эки ирет коргоо министри болуп, кезегинде Россиянын жогорку жетекчилигинин алтын баалуу сыйлыгына арзыган генерал-майор Абибилла Кудайбердиев ушул күндөрү түштүктү түрө кыдырып, үкасы Өмүрбек Бабанов үчүн добуш алууга шымалана киришип турган кербези. Жердештеринде кадыры бийик генерал – тээ кыш мезгилинен тарта эле Өмүрбек Бабанов менен келечекке койгон пландары бир чыгып, кыл чайнашкан кыйын кезеңдерде бирге болууга шерттешкени, ошондон тарта Өмүкени колдоп келгенинен кабардар болдук. Калың элдин арасында кадыры бийик бу генералдын унчукпай жүрүп үйдөй иштерди бүтүрүп коёюрун эске алганда, бул сапар да үкасы Өмүрбек үчүн түштүктөн опол тоодой күч берери эмитен болжолдонууда.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ