Майлуу-Суу шаарында Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элестерине багышталып Куран окулуп, эстелик алдына гүлчамбар коюлуп, курман болгон мекендештерибиздин жакындарына көңүл айтылды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Муну менен катар иш чара алкагында Майлуу-Суу шаарынан Баткен согушунда курман болгон 7 баатырды эскерүү зыйнаты өтүп, катышуучулар жаштарды өз өлкөсүн сүйүүгө чакыруу менен патриоттук сезимди ойготкон чакырыктарды жасашты. Мындан тышкары окуучулар Баткен окуясы боюнча сахналашкан көрүнүштөрдү аткарышып, катышуучуларды ынтымакка чакырышты.
Жоокерлерди эскерүү иш чарасына Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби А.Эркинбеков, Кыргызстандын бардык дубандарынан келген Баткен согушунун ардагерлери, шаардык мэрия, ММК, шаар жетекчилери, имамдар, каза болгондордун үй-бүлөсү, жакындары, жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары, жоокерлердин жана 200гө жакын мекендештер катышышып, Баткен окуясы эч качан унутулбастыгын баса белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ