Борбор калаанын мэриясы рейддерди улантууда. Муниципалитеттин билдиришинче, “Вавилон” ресторанында той болуп, санитардык нормалар бузулгандыктан, массалык майрамды токтотууга туура келди. Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү.
“Санжыра” ресторанындагы үй-бүлөлүк майрам жабык эшик артында өтүп, терезелери кездеме менен караңгылатылды. Мыйзам бузуу фактысын текшерүү үчүн көчмө бригаданы имараттын ичине киргизбей, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобун чакырууга аргасыз болушкан. Майрамдык салтанаттын коноктору укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кайым-айтышты. Натыйжада той токтотулган, мыйзам бузуу фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Мыйзам чегинде мекеменин жетекчилерине кылмыш иши козголот.
“Гузель Гранд” ресторанында “Кыз узатуу” тоюу болуп , протокол түзүлдү.
Ал эми “Тумар” кафесинде үйлөнүү тоюн өткөрүп жатышкан. Той токтотулуп, администрацияга айып пул салынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ