Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев республикалык эмдөө борборунун башчысы Ишенапысова Гүльбара Сатыгуловна жана Женева шаарындагы глобалдык эмдөө альянсынын кызматкери Шерова Жамиля менен жолугушту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Эки тараптуу жолугушуунан алкагында коомчулуктун саламаттыгы, ден-соолуктун баалуулугу туурасында пикир алышты.
Ал эми Азирети Муфтий 2017-жылдагы Кыргызстандык ажыларды эмдөөдөн өткөрүүдө көрсөткөн кызматтары үчүн бардык ак халатчандарга ыраазычылыгын билдирип, качан ар бир кызматкер өзүнүн милдетин так аткарса мамлекетибиз өнүгө тургандыгын кошумчалады.
Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ