Лейлек районундагы балдардын “Ак-Чыйыр” билим борборунун ачылуу аземине Кыргызстан президентанин кеңешчилери Икрамжан Илмиянов, Абдышүкүр ажы Нарматов, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, ошондой эле Кувейт мамлекетанин атайын өкүлдөрү катышты. Ошентип, Исфана шаарындагы “Ак-Чыйыр” балдардын билим борборуна дароо эле 173 бала кабыл алынып, тарбияланып жатат. Төрт корпустан турган бул билим уясы 315 окуучуга ылайыкташтырылып, жатакана, ашкана жана спорт аянтчасы заманбап жабдылган. Курулуш толук бойдон Кувейт мамлекети тарабынан каржыланып, “Ассафа борбору” Коомдук бирикмеси аркылуу курулду. Билим борборунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана Баткен, Ош облустарынан тоголок жетим балдар акысыз билим алышат. Булар ошондой эле тамак аш, кийим-кече менен бекер камсыз этилет. Жатак мектепте балдардын билим алуусуна кеткен бүт чыгымды жана мугалимдердин эмгек маянасын Кувейт мамлекети толук бойдон каржылайт. Айтмакчы, бул борбордо балдар орус, англис жана араб тилдерин дагы үйрөнүшүп, компьютердик технологиянын жардамы менен заман талабына ылайык билим алуусуна шарт жаратылды. Балдар, кыздар үчүн атайын озүнчө жатаканада мыкты шарттар дагы каралып балдар төрт маал ысык тамак жана бир маал жеңил оокат ичишет.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ