Menu

Текебаевдин “Сентябрь” телеканалынан “табылган” ЖТРдин жабдуулары

Бөлүшүү:

“Хизбутту” ЖТР аркылуу тааныткан жетекчи

Гезитибиздин 27.02.2015-ж. № 6 жана 01.04.2016-ж. №08 сандарында «К.Базаркулов Өмүрбек Текебаевдин көздөй кишиси же ЖТР «Хизб ут-Тахрирди» неге үгүттөдү» жана “Мен “Хизбутту ЖТРден тааныгам”  аттуу макалалар макалалар жарыяланган эле. Бирок, кайрылуу ушу кезге чейин бейжооп калып келет. Мамлекеттин коопсуздугу менен бүтүндүгүнө жоопкер болгон, демейде саман учса Самаркандды өрт каптады, — деп чуу салчу чекисттерибиз менен Ажы-Президент, Ажы-депутаттарыбыздын бири да ооз ачпайт (Маданият, маалымат жана туризм министрлигин айтпай ак коёлу). Эки барак кагазды таратты деп далай адамдар экстремист аталып, абакта олтурганда, Кыргызстандын жарымы көргөн ЖТРден экстремисттердин “дааватын” жарыялаган адам суудан кургак чыгып жатканына кандай түшүнсө болот.

2014-жылдын 18-октябрында саат 20.35те ЖТР телеканалынан «Кыргыз тарыхы» деген аталыштагы 21 мүнөт 38 секундалык көрсөтүү берилет. Ал видеоролик «YouTube» интернет сайтынан алынып, башталышында «TURKISTON HIZB-UT-TAXRIR», ал эми аягында «ХИЗБУТ ТАХРИР КЫРГЫЗСТАН» деген жазуусу бар жарнамасы менен эфирге кетет. Көрсөтүү «Ассалоому-алейкум бир тууганым! Менин улутум — кыргыз! А сен эмнең менен кыргызсың?!.» — деп башталып, тээ Барсбек Каган заманынан тартып кечээги Бакиев Курманбектин учуруна чейинки тарыхты саймедиреп, аягында «Турмуш чындыгынан белгилүү болгондой ар кандай адамзат коому идеология менен гана ойгонот. Демек, боордошум, эмдиги талкуубуз идеология жөнүндө болсун. Даярданып тур!..» деген чакырык сөздөр менен бүтөт. Кыскача айтканда, Кыргыз мамлекетинде Исламды орнотсок гана өсүп-өнүгүү болот имиш. Мамлекеттик телеканал кыргыз соту тарабынан 2003-жылдан бери ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик агым «Хизб ут-Тахрир» партиясынын идеяларын үгүттөп жатат!

Бул тасма эфирге кеткенден кийин Жалал-Абад шаарынын бир нече тургундарынын нааразычылыгын жаратып, алар коллективдүү арыз менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары — УКМК) Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгына кайрылышат. Аталган башкармалык тарабынан 2014-жылдын 4-ноябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-ст. каралган кылмыш белгилери боюнча № 082–14–0433 сандуу кылмыш иши козголот. Соттук-теологиялык экспертиза «Кыргыз тарыхы» видеоролиги «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик партиясына таандык экендигин аныктаган корутунду берген. Алдын ала тергөө учурунда УКМК тарабынан ЖТРКнын директору Куттумидин Базаркуловго 18–19-октябрда эфирге кеткен видеоматериалдарды берүү боюнча талап кат жөнөтүлөт. Бирок ЖТРК директору берген № 107 сандуу жооп катта бул күндөрү эч кандай диний-экстремисттик маанидеги көрсөтүүлөр кетпегендиги айтылат жана 3 даана DVD диски кошо тиркелет. Дисктерди көрүү учурунда чындап эле жогоруда сөз болгон көрсөтүү жок болуп чыгат(?). Анда, «Хизб ут-Тахрир» партиясынын үгүттүк тасмасы кайда житип кетти?..

«Иттин өлүгү» так мына ушул жерге катылган! Ары-бери айландырып отурбай эле УКМКнын ага тергөөчүсү, юстициянын капитаны Д. Калыгуловдун КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигине жолдогон «Кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө» токтомунан үзүндү келтирели (жазылган калыбында берилет):

… «В ходе следствия, допрошенные в качестве свидетелей сотрудники ТРК ЖТР в частности, Н. Балтабаева (начальник творческого отдела), Б. Матов (видеотехник), М. Маматалиев (спортивный обозреватель), Орунбай уулу Нурсейит (монтажер) покозали, что в эфире ТРК ЖТР 18 октября с. г. в 20.30 часов был показан видеоролик на религиозную тематику, после окончания, которой была показана надпис «Хизбут-Тахрир Кыргызстан».

Кроме этого, в своих показаниях вышеукузанные сотрудники отметили, что утром 19 октября 2014 года Генеральный директор ЖТРК К. Базаркулов собрал отмеченных сотрудников на собрании и провел с ними беседу, где он указал, что по вышедшему в эфир ЖТРК в 20.30 часов 18.10.2014 года видеоролику никому не сообщать, а имеющуюся запис видеоролика уничтожить.

Вышеотмеченные обстоятельства работник ЖТРК Б. Матов в своих показаниях подтвердил. Кроме того показал, что в тот же день в 21.20 часов, в студию ЖТРК прибыл заместитель генерального директора ЖТРК Турдубай уулу Ильяз и проверил отсутствие видео ролика на жестком диске компьютера».

Иштин жагдайы окурмандарга түшүнүктүү эле болду го деп ойлойм. Эми андан аркысын уланталы. ЖТРК жетекчилиги УКМК тергөөчүсүнө ишенбөөчүлүк билдирип облпрокуратурага арызданат. Прокуратура болсо ишти андан ары иликтөөнү облмилицияга тапшырат. Башка учурда ордунан козголуп койбогон обл-прокуратуранын «оперативдүү» аракети таңгалдырбай койбойт. Улуттук жана диний жек көрүүчүлүктү үгүттөп, касташууга чакырык жасаган оор кылмышты УКМК тергегени талапка ылайыктуу болмок! Ансыз деле түйшүгү түмөн милицияга “тиши өтпөгөн” ишти таңуулоонун эмне зарылчылыгы бар эле? Демек, облпрокурорго (азыр Баш прокурордун биринчи орунбасары К.Токтогулов) “тиешелүү” адамдардан “сураныч” болгон деп эле түптүз түшүнсөк болот.

Милиция тергөөчүсү М. Мырзамамытовго берген көрсөтмөсүндө ЖТРК директору К. Базаркулов: ошол 18-октябрь күнү эфирге кете турган күндөлүк көрсөтүүлөрдүн планын бекитип кол коюп бергендигин, саат 20.35те турган «Шам чырак» аттуу кыска метраждуу фильмдин ордуна видеотехник Б. Матовдун күнөөсү менен «Хизб утка» таандык тасма кетип калгандыгын, ал тууралуу ошол түнү эфирден кийин гана билип калгандыгын көрсөтөт. Демек, Базаркулов алгач диний-экстремисттик үгүт тасмасын эфирден кеткен жок деп караманча танып, дем алыш күнү (19.10.2014) кызматкерлерин чакырып «беседа» өткөнү менен акырында күнөөнү мойнуна алганга аргасыз болуп жатпайбы!? Ал эми ошол күнү жооптуу редактор болуп турган Н. Балтабаева: видеотехник «Шам чырак» фильми даяр эмес экендигин жалган шылтоолоп сөз болгон видеороликти берип жибергендигин, өзү ал учурда жооп сурап (?) кетип калгандыгын көрсөтөт. Бул жерде атайын уюшуп, алдын ала ойлонуп-сүйлөшүп алган адамдар тобу бар экендиги көрүнүп эле турбайбы! Директордун калп айтып эфирди тангандыгы, кызматкерлер менен «беседасы», замдиректордун түнкү «визити», эфирге жооптуу редактордун «суранып» кеткендиги мына буга далил эмей эмне? Ал эми айыпталып жаткан Б. Матов сотко жана журналисттерге берген көрсөтмөсүндө: ошол күнкү эфир планында саат 20.35теги берүүгө аталышы жок «краткометражный фильм» деп эле жазылганын, «Кыргыз тарыхы» видеоролигин режиссер компьютердик папкага киргизип койгондугун, жооптуу редактор режиссер киргизип койсо бере бер дегендигин, эфирден кийин замдиректор келип текшерип «краткометражный фильмдин» алдына «Шам чырак» деп ага жаздыртып койгондугун, эртеси күнү Н. Балтабаева кайрадан эфирдик планды көчүрүп жазып чыккандыгын айтат.

Айтмакчы, К. Базаркулов 18-октябрга (окуя болгон күнгө) министрлик тарабынан КРнын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин «Кыргызстанда санариптик телерадиого өтүү боюнча даярдыктар жөнүндөгү» отурумуна катышуу үчүн расмий чакырылган экен. Ал жыйынга Базаркулов белгисиз себептер менен катышпагандыгы тууралуу 5 адамдан турган Акт түзүлгөн. Биздин угушубузга караганда директор ал күндөрү Бишкек шаарында болгонмун деп командировочный толтуруп өткөргөн имиш. Жыйынга катышпагандыгы маалым болду.

— Атайын чакырылган жыйналышка эмнеге келбедиңиз?-деген Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин жетекчисинин суроосуна ЖТРдин директору К. Базаркулов:

— Мени, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Жалал-Абад облусу боюнча атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков кызматтан кетирем деп асылып, аягында өзү кетип калганын билесиңби? Андан мурдагы губернаторлордун да алы жеткен эмес… Сен дагы абайлап жүр-деп кеңеш берет элем… – деп, орой жооп бериши анын таянар тоосу үлкөн киши экенинен кабар берет да.

“Хизбуттун дааватын” жарыялаган адамдын “шефи” Текебаевби?

“Хизбуттун” идеологиясын жарыялаган Базаркуловдун “шефи» ким деп сурабайсызбы? Кадимки эле Өмүрбек Текебаев! Ага таандык жеке менчик «Сентябрь» телеканалына ЖТРКнын эсебинен техникалык жабдуулар алынып жаткандыгын тиешелүү органдар расмий далилдеп чыгышкан. Тагыраак айтсак, ЖТРК үчүн эч кандай зарылчылык болбосо деле 2012-жылдын 16-мартында ЧП «Карабаев АК»сынан № 17/2 накладною менен 365 000 сомго передатчик сатып алып, аны «Сентябрь» телеканалына келишимдик негизде деген шылтоо менен ижара акысыз берип койгон (Бул тууралуу НТС телеканалында 05.03.2015-ж. «Журналисттик иликтөө» программасынан кенен маалымат берилген).

Жалал-Абад эли ” Өмүрбек Текебаевдин көздөй кишиси, К. Базаркулов ЖТРге директор болуп келгенден кийин Ө. Текебаевдин 2010-жылга чейин аты бар, заты жок “Сентябрь” телеканалы Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадио компаниясынын техникалык жабдууларын акысыз пайдалануу менен бираз катарга кошулуп, оңолуп калды. Эми президентти, бийликти сындап жатат”- деп айтып келгени жөн жерден эместир.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Жалал-Абад облусу боюнча атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбековдун № 61-Б буйругу менен (24.03.2014.) Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадио компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадио компаниясынын (передатчиктерин) өткөргүчтөрүн эч кандай мыйзамдуу келишим түзбөй туруп, К. Базаркулов, Өмүрбек Текебаевдин “Сентябрь” менчик телеканалына мөөнөтсүз пайдаланууга берип жибергенин далилдеген. Демек, мындан чын эле К. Базаркулов, Өмүрбек Текебаевдин кишиси деп билүүгө негиз бар. Азыр Текебаев мародерлор ким экенин издеп жүрөт. Мамлекеттин карамагындагы телерадио компаниянын жабдууларын көз көрүнө жеке менчик компанияга берип коюу да талап-тоноочулукка жатпайбы урматтуу Өмүрбек Чиркешович?

Техникалардын “Сентябрь” телеканалынан табылганын эки жыл мурун “… аталган аппарат 2010-жылдагы апрель тѳңкѳрүшүнѳн кийин дайынсыз жоголуп, изин таппай калышкан. Кѳрсѳ, Жалал-Абаддагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Ѳмүрбек Текебаевге таандык “Сентябрь” телеканалынан табылыптыр…” деп “маалымат.кг” интернет порталы жазып чыгат (Бозулан Райымбеков – www.maalymat.kg).

Мамлекеттик мүлккө өз билемдик менен мамиле жасап кылмыш жолуна барып жатса да Текебаевдин көлөкөсүнөн корккон укук коргоо органдары менен тиешелүү министрликтин жетекчилери ЖТРК директору К. Базаркуловдун тезегине куурай саялбай келатат. Ал эми кыргыз Конституциясынын «атасы» атка конгон, Акаевдин «Эмгек сиңирген юристи» Ө. Текебаев өзү жогорудагыларга эмне дээр экен?! Ал өзү «иштеп чыккан», азыр колдонууда турган Конституцияда деле улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат, — деп жазылып турбайбы! Конституция талаптарына каршы келген аракеттер сот тарабынан жоопко тартылаарын ал билбейт дейсиңерби? Билет! Ал өзү кайра-кайра асылып жаткан ММКлар жөнүндө мыйзамды билбейт дейсиңерби? Билет! Ал мыйзамдын нормаларын бузгандык үчүн массалык маалымат каражатынын өкүлү катары жетекчи адам жана маалымат материалын берген адам жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн, — дегендичи? Билет, бирок атайылап билгиси келбейт. Ал эми ЖТРК ««Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеясын таратып жаткандыгынчы? … Эгер билген болсо анын артында дал өзү турат деп эсептесек болот.

Т.Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: