Кечээ, 1-декабрда Улуттук банк 5,25 миллион долларды сатуу менен валюталык интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.
Жыл башынан бери бул 28-интервенция. Жалпысынан жыл башынан бери 438,8 миллион долларга интервенциялар жасалды.
Ноябрь айында Улуттук банк он бир интервенция жүргүзүп, 84 миллион 750 миң долларды саткан.
Белгилей кетсек, 2-декабрга карата Бишкекте АКШ долларды сатып алуу – 84,66 сом, сатуу – 84,91 сомду түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ