Menu

Марат Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри кызматына кайтып келүү аракетин көрүп жатат

Бөлүшүү:

Марат Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри кызматына кайтып келүүгө аракет кылып жатат.

Кечээ, 8-октябрда Тагаевди колдогон адамдар мэриянын имаратына чогулушту. Алар Тагаев Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери сыяктуу мэрияга кайтып келиши керек деп эсептешет. Кийинчерээк Тагаев аларга келди.

Мэрия журналисттерге анын кызмат ордуна келе электигин тактады. Тагаев мэрияга кирген жок, болгону шаардык кеңештин бир нече депутаттары менен сыртка сүйлөштү.

“Тагаев бул маселени шаардык кеңеш менен талкуулашы керек болчу, бирок кечээ депутаттардын айрымдары мэрияга келген жок. Андыктан бүгүн мэрдин милдетин убактылуу Нуртилек Орозбаев аткарып жатат”, – деп билдиришти мэриядан.

Эске салсак, Бишкектеги башаламандыктан кийин Марат Тагаев айрым аткаминерлердей болуп кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Марат Тагаев Асылбек Жээнбеков менен кудалаш. Тагаевдин жээни Асылбек Жээнбековдун уулуна турмушка чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: