Menu

Эл мугалими эки мектепке директор болсо боло береби?

Бөлүшүү:

Таласта эки “Эл мугалими” бар. Бири -Бектур Исаков. “Балдардын жүрөгүндө калсам болду” деген девиз менен жашап, сексендин кырына келсе да сабак берип, окутуу, тарбиялоого арналган китептерин жазганы жазган. Экинчи “Эл мугалими” – Жаныш Жанузаков. “Манас” деген лицей ачып, ошонун арты менен 30-40 жылдан бери лицейди бир жерге байырлатпай, бир элди бириктирбей, эки элди эриктирбей, ар кайсы айылдардагы имараттарга көчүп-конуп иштеп жүрөт. Өткөн окуу жылынан баштап дагы бир мектепке “күч күйөө” болуп көчүп келди эле – окуучулар менен мугалимдер, эл ичинде нааразылык башталды.

Талас районундагы «Манас» лицей-интернатынын (директору Жаныш Жанузаков) 9-классынын окуучу кызы Зулайка, Самара (директордун келини) аттуу мугалимдин басмырлоосуна, шылдыңдап, кемсинтүүлөрүнө чыдабастан 2018-жылдын декабрь айында асынып өлгөн. Бул окуядан кийин айыл эли, ата-энелер “лицей-интернатты жоюлсун” деп талап коюп көтөрүлгөн. Талас шаар-райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Ж. Керимбаев лицейдин директору – досун болушунча коргоп, лицейди Манас айылынан Көк-Ой айылындагы Казак Момункулов атындагы Таш-Төбө орто мектебинин имаратына көчүрүп келген. Лицейди көчүрүп келгенде мындан ары ата-энелерден мектеп ремонтуна акча албайбыз, бүт чыгымды лицей өз мойнуна алат ж.б. убадаларды беришкен.

Лицей көчүп келгенден кийин Казак Момункулов атындагы “Таш-Төбө” орто мектебинин директору да алмашып, Салима Тыныстанова деген келди. Көрсө бул лицейдин директору Ж.Жанузаковдун өкүл кызы экен. Ал мектепке өз кишисин алып келип, эки тизгин, бир чылбырды колуна алып, өзү бий, өзү хан болгусу келген тура. Бүгүн мектеп жана лицей эки башка юридикалык статусу болсо да, бийликти лицейдин директору жүргүзүүдө. Эл мугалиминин минтип тайраңдашына билим берүү жана илим министрлигинин стат-катчысы Ж.Ташиевдин 5.09.2018-ж. чыгарган №1122/1 Буйругу негиз берген. Ал Буйрукта минтип жазылат: “Көк-Ой айылына көчүрүлгөн “Манас” лицей-интернаты менен Манас айылындагы ордунда калган мектепке жана К.Момункулов атындагы “Таш-Төбө” орто мектебине биринчи кол коюу укугу менен директор болуп Ж.Б.Жанузаков дайындалсын, экинчи кол коюу укугу менен башкы эсепчиликке А.Омукеева дайындалсын”.

Азыр мектепти лицей жылан чычканды жуткандай акырындап жутуп жаткан учуру. Мугалимдер менен окуучулар бөлүнүп-жарылган. Директордун сөзүн сүйлөгөндөр мектепте да, лицейде да ити чөп жеп, 1,5-2 ставкадан айлык алышат да, каршы сүйлөп койгондорду куугунтуктап, кайра-кайра текшерүүгө кабылтып чүнчүтүп, ал турмак тымызын кетирип жаткан фактылар бар.

Учурда “Манас” лицей-интернатынын Көк-Ой айылына көчүрүлүп келгенине жергиликтүү элдин көбү каршы. Ага төмөнкүдөй жагдайлар себеп болууда:

Ата-энелердерден акча мектеп ремонтуна дагы деле чогултулууда

Лицейдин окуучулары менен жергиликтүү окуучулардын ортосунда тирешүүлөр,
мушташуулар токтобой келүүдө. Лицейдин жогорку класстарынын окуучулары жергиликтүү окуучуларга ыдык көрсөтүп, коркутуп-үркүтүүлөр, чүнчүтүү, басым жасоолор Манас айылында кандай болсо, бул жерде деле ошондой болууда. Маселен, лицейдин 11-классынын окуучулары мектептин 9-классынын окуучусу Марлен Масырболовду сабап коюшуп, ал областтык оорукананын травматология бөлүмүнө жатып дарыланып чыкты. Бул окуя Талас РИИБда бирдиктүү реестрде каттоодон өткөн.

Жогоруда айтылган Зулайка деген кыздын өлүмүнө шектүү делген мугалимдер дале иштешүүдө.

Лицейдин мугалимдери жана жогорку класстарынын окуучуларынын коркутуп-үркүтүү, чүнчүтүүлөрүнөн кийин 2018-2019-окуу жылында “Таш-Төбө” орто мектебин аяктаган 9-класстын окуучулары толук бойдон 10-класска келишпей, башка мектептерге кетип калышты. Алар менен сүйлөшсөк, “лицей менен чатакташпай эле, башка жактан окуйлу деп чечтик, эгер лицей тарап кетсе, өз айылыбыздан эле окуйт элек” дешти.

Ата-энелерден лицейде окугандыгы үчүн төлөнүп жаткан акчалар, кап-кап болуп алынып жаткан картошка, ун, 5-10 литрлеп алынып жаткан өсүмдүк майларынын отчёту эч кимге берилбейт. “Таш-Төбө” орто мектебинин имаратын, ашканасын интернатка ылайыкташтырып бузуп-оңдоого байланыштуу коротулган чыгымдар айыл өкмөтү тарабынан болсо да, “лицей жасады” деп айтканына караганда лицейдин акчасын жеп койгон эмеспи (?) тиешелүү кызматтар айыл өкмөтү менен лицейдин чыгымдарын бир карап көрсө болоор эле.

Ушул учурда белгилүү деңгээлде тарыхый аты бар “Таш-Төбө” орто мектебин келечекте жоюп жиберип, “Манас” лицей-мектебине айландыруу аракеттери көрүлүп жаткандыгы байкалат. Биз “Таш-Төбө” орто мектебинин жоюлушун каалабайбыз. Билим берүү министрлиги “Манас” лицей-интернаты Ж.Б.Жанузаковдун менчик лицейи эмес, райондук деңгээлдеги күчтүү лицей болсун десе, аны “Таш-Төбө” орто мектебине аралаштырбасын. Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын бирине киргизсин же ушул эле Көк-Ой айылында көп жылдан бери бош турган мурдагы райондук оорукананын имаратына көчүрүшсүн. Анткени, лицей жаңы уюшулган учурда ушул бош калган имаратта жайгашкан болчу. Ал имарат азыр деле бош. Манас айылынан эмне максат менен көчүрүлүп кеткени белгисиз.

У.Соромбаев – Таш-Төбө орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрагасы, У.Момункулов – ата-эне, Ш.Алгожоева – ата-эне, А.Мырзабекова – ата-эне, К.Чаңбаева – ата-эне,  Жыргалбек Ашымбек уулу – ата-эне.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: