Орус бийлиги менен казак бийлиги Өмүрбек Бабановду колдоого алып жатышкандыгы чынбы? Анткени, өкмөт башчыбыз Казакстанга барганда Н.Назарбаев «биз кыргыз эли кимди шайласа, ошону менен иштешебиз» деп биздин бийликтегилердин үмүтүн үзүп салгандай болгон. Анан эле орустардын атактуу REGNUM маалымат булагы 19-20-августта орус президентинин администрациясы Ө.Бабановду кабыл алып, олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кабарлады. Ошондон улам, «орустар менен казактар Өмүрбек мырзаны колдойт экен» деген сөздүн чындыгы барбы? Ушундайбы? Алар деле биздеги элдин маанайын байкап турушат да. Социологиялык сурамжылоолордо байма-бай эле Бабанов биринчиликти бербей, эл арасында да экинин бири эле «Өмүрбек» деп жатканын атайын кызматтагылары жеткирип жатышса керек го?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ