Menu

Украина президенти Конституциялык сотту таратууну сунуштады

Бөлүшүү:

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-октябрда Жогорку Радага өлкөнүн Конституциялык сотунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө мыйзам долбоорун жөнөттү.

“Конституциялык сот өндүрүшүнө карата коомдук ишенимди калыбына келтирүү жөнүндө” мыйзам долбоору эки беренеден турат. Биринчисинде Конституциялык соттун 27-октябрдагы чечимин жокко чыгаруу сунушталган. Анда сот Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин бир катар ыйгарым укуктары негизги мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарган.

Экинчи беренеде бул чечимди кабыл алууга катышкан сотторду иштен алып, Конституциялык сотко жаңы тандоо процедураларын баштоо сунушталган.

Украинанын Конституциясына ылайык, конституциялык соттун судьялары парламенттин же президенттин чечими менен жумуштан бошотулбайт. Судьяларды иштен алуу – конституциялык судьялардын үчтөн экисинин чечими менен кабыл алынат. Судьялардын иши алардын ыйгарым укуктары аяктаганда, 70ке чыкканда, украин жарандыгынан баш тартканда жана мыйзамдарды бузганда токтотулат.

27-октябрда өлкөнүн Конституциялык соту Украинанын коррупцияга каршы агенттигинин аткаминерлердин жана депутаттардын декларациясын көзөмөлдөө жана текшерүү, декларациялардын тизмелерин ачык жарыялоо жана кызмат адамдарынын жашоо образына мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын мыйзамсыз деп тапкан.

Мындан кийин Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынын өткөргөн. Жыйындын соңунда өкмөткө декларацияларды ачык жарыялоону жана соттун тыюу салганына карабай аны текшерүү механизмин камсыздоону тапшырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: