Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-октябры күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда кар көп жаагандыгына байланыштуу 3 короо койу жана 3 үйүр жылкысы менен аталган ашуудан өтө албай калышкан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Чабандарды көчүрүп келүү үчүн КР ӨКМ Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде жергиликтүү тургундардан 4 адам жана 3 куткаруучу “ЗИЛ-131” унаасы менен 1-октябрда чыгып кетишти.
2017-жылдын 2-октябрында саат 01:50дө аталган топ Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына барып түнөштү. Кар көп жаагандыктан унаа менен андан ары бара алышкан жок. Кошумча маалымат берилет.
Эскерте кетсек, КР ӨКМи тарабынан аба ырайынын кескин өзгөрүлүп, тоолорго кар жаай тургандыгы жөнүндөгү маалымат жергиликтүү бийликке, калкк СМС билдирүүлөр, маалымат каражаттары аркылуу тынымсыз жеткирилип турган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ