14-октябрь күнү күндүзгү саат үчтөр чамасында Ош—Ноокат жолундагы Ноокат ашуусунда машине авария болуп эки киши мерт кетти, дагы эки киши абалдары оор ооруканада жатканы кабарланды. Каза болгон жарандардын бири Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги такталган. Экинчи каза болгон кишинин ким экендиги изилденип жатыптыр. Учурда окуя териштирилип жатканы маалым болду.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ